Жаңылыктар
Абанын булгануусунун көрсөткүчү
Кыргызстан жаңылыктары
Абанын булгануусунун көрсөткүчү

Бишкек шаарында абанын булгануусу тиешелүү суткалык нормадан 10 эсеге чейин жогору болуп, адамдардын ден соолугуна зыянын тйигизип жатканын көз карандысыз адистер айтышууда. Алардын пикиринде, абанын булгануусу автотранспорт каражаттарынан чыккан түтүн, көмүр жагууга жана өнөр жай ишканаларынан чыккан зыяндуу заттарга байланыштуу.

Борбор калааны каптаган кара түтүн маселеси дайым эле кыш келгени көйгөйгө айланат. Октябрь, ноябрь айларынан тарта эле көз карандысыз адистер Бишкектин бир нече бөлүгүндө текшерүү жүргүзүп, атайын орнотулган жабдыктардын жардамы менен абанын булгануу көрсөткүчүн аныктап чыгышкан. Маселен, “Мови грин” экологиялык кыймылынын отчетуна карасак, шаардагы абанын булгануусу боюнча абал өтө эле начар.