Быйылкы 10 ай аралыгында 12 млрд сомго айыл чарба азыктары чет жакка чыгарылган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 27 пайызга көп. Министрлик маалымдагандай Кыргызстандын эт, сүт жана жашылча-жемишине суроо-талап чоң.
Быйыл картошканын айдоо аянты жылдагыдан азыраак. Анткен менен, алынган түшүмдүн көлөмү өзгөрүлгөн жок. Дээрлик 106 миң тонна картошка өндүрүлдү. Баасы да бир аз жогору болуп, кошуна мамлекеттерге сатылууда.
Ушул жылдын 10 айында өлкөдө 193 млрд сомго жакын айыл чарба азыктары өндүрүлдү. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,8 пайызга жогору. Өсүш мал чарбачылыкта дагы, талаачылык чөйрөсүндө да байкалат. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт. Маселен буудайды ала турган болсок, быйыл көбүрөөк айдалып, 700 миң тонна түшүм алынды.