Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кумтөр" кенинде издөө жана куткаруу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Кендеги окуя, анын кесепетинен ишкананын эки кызматкери дайынсыз жоголгону тууралуу билдирүүлөр өз учурунда өкмөт башчыга маалымдалып турган. Өкмөт башчы зарыл болгон тапшырмаларды берип, ага ылайык, кенге бардык тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери барган. Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөрдүн жоголду делген кызматкерлерин издөө үчүн бардык күчтөрдү мобилизациялоону, зарыл болсо издөөгө катышкандардын санын көбөйтүү жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө "Лысый жээк" өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Бөлүмдүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу белги берилген. Бирок тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде бөлүмдүн мастерлеринин бири Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес. Кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтулган. Учурда эки кызматкер дайынсыз деп эсептелүүдө жана издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.