Жаңылыктар
Жер тилкелерин пайдалануунун жаңы тартиби иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жер тилкелерин пайдалануунун жаңы тартиби иштелип чыкты

Борбор калаадагы жер тилкелерин пайдалануунун тартиптери жана шарттары боюнча 6 Жобо иштелип чыкты. Буга чейин шаардык Кеңеш 2011-жылы бекиткен 288-Жобо бар болчу. Ал документ менен шаар бийлиги 8 жыл иштеген. Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстары башкармалыгы билдиргендей, жерди пайдалануунун тартиптери жана шарттары боюнча Жоболор процедураны иретке келтирүү максатында жаңыланган. 

Ар бир Жободо деталдуу иш-чаралар камтылган, аны ишке ашыруу максималдуу түрдө ачык-айкын жана электрондук форматта болот.