Жаңылыктар
Сузак райондук башкармалыгында Бирдиктүү терезе иштеп баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Сузак райондук башкармалыгында Бирдиктүү терезе иштеп баштады

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Сузак райондук башкармалыгында Бирдиктүү терезе иштеп баштады. 

Эми жарандар курулуш долбооруна, архитектуралык пландоо жана инженердик-техникалык шарттары үчүн уруксат кагаздардын бардык түрүн ушул жерден алышат. 

Мындан сырткары, быйыл мекеменин имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүлгөн. Бул иштер аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашууда.