Жол кыймылы эрежесинин 8 түрү боюнча салынуучу айыптын көлөмү азаят. Тиешелүү мыйзам долбоору учурда парламентте каралууда. Ага ылайык, айрым жол эрежелерин бузуулар боюнча айып пулдун көлөмү 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөйт.
Жол эрежелери боюнча жаңы кодекс 2019-жылдын башында ишке кирген. Ага ылайык, жол эрежесин бузган жарандарга карата айыптын өлчөмү бир нече ирет өскөн: эгер мурда майда жол бузуулар үчүн айдоочулар 200 сом төлөсө, жаңы кодексте 3 миң сомго чейин жеткен. Бул жагдай коомчулукта талкуу жараткан. Өкмөт жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмүн азайтуу демилгесин колдоп, жол бузуулардын айыбын карап чыгуу чечими чыккан.
Жол бузуулар кодекси боюнча коомдук угуулар өтүп, 8 олуттуу эмес пунктту өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Адистердин айтымында айрым жол бузуулар үчүн айыпты азайтуу жалпы жолдо жүрүү эрежелеринин сакталышына кедергесин тийгизбейт.
Өкмөттүн бул демилгесин катардагы жарандар кубаттоо менен кабыл алышууда.
Жол эрежелерин бузуудагы айыпты төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин экинчи кароосунда. Эгер депутаттар үчүнчү окууда колдоп берсе, жыл аягына чейин айыптын көлөмү азаят.