Жаңылыктар
Казак тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн окутуу курстары ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Казак тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн окутуу курстары ачылат

Кыргызстанда казак тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн окутуу курстары ачылат. Бул туурасында Дүйнөлүк казактар ассоциациясынын өкүлдөрү менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын жаштар канатынын жолугушуусунда сөз болду. 

Эң мыкты тартылган казак элинин “Кыз-Жибек” аттуу бул тасмасын кыргыз эли терең баалайт. Фильмдеги Төлөгөн менен Кыз жибекти убагында кыргыздар да казактар да үлгү туткандыгын эске салат Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков. 

Кыргыз менен казак эзелтеден тамыры, тарыхы, тагдыры, маданияты жана өнөр казынасы бир эл. Жакшылыкка кубана билген эки элдин баалуулуктары, дөөлөттөрү көп жагынан окшош. Адабияты менен маданияты бири-бирибине оошо берет. 

Дили да,тили да,жада калса ыры да бир болуп келген кыргыз менен казак эли өнөр жагынан бири-биринен озуп же артта калган эмес. Чырмалуусу ар убакта бирдей өөрчүп, өркүндөп келген. 

Эгиз эки элдин билим берүү жаатындагы кызматташтыгы да өнүгүүдө. Кыргызстандан Казакстандын Жогорку окуу жайларына жана Казакстандан Кыргызстанга келген студенттердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө билим алуу үчүн өлкөбүзгө боордош элден 6 миң улан-кыз келген.

Кылымдар бою биздин ата-бабаларыбыз тынчтыкта ынтымактуу жашап, оор мезгилдерде бири-бирин колдоп келишкен. Азыр биз өз ара мамилелерибизди мына ошол жаратмандык негизде улантып келе жатабыз.