Жаңылыктар
Өлкө башчылар "Ата-Бейитте" болушту
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө башчылар "Ата-Бейитте" болушту

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев "Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине аналган Мемориалга жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Арбактарга багышталып, куран окулду.

Эске салсак, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.