Жаңылыктар
Мурдагы мэрлер жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы мэрлер жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда

Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө сот Калыс-Ордодогу мектептин курулушу боюнча эпизоддун материалдарын иликтейт.

Эске салсак, мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго, алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине жана жеке компаниялардын жетекчилерине "Коррупция" беренеси боюнча айып тагылган.

Бишкектин мурдагы мэри Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.