Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун, эртең Бишкекте өтө турган саммитинин күн тартибине 17 маселе кирди. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумуна, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Кыргызстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери Жамааттык коопсуздук кеңешинде тар чөйрөдө талкууланат.
Пленардык отурум Тышкы иштер министрлеринин, Коргоо министрлеринин, Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын катышуусунда өтөт. Аталган уюмга Россиянын төрагалык кылуусу эске алынып, Владимир Путиндин кийинки сессиялар аралыгындагы приоритеттерди жарыялоосу күтүлүүдө. Бир катар документтердин кабыл алынуусу, уюмдун 2020-жылга бюджети, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын чечимдеринин аткарылышы боюнча маалыматтарды угуу болжолдонууда.