Жаңылыктар
Өкмөт бажы тармагындагы кырдаал боюнча маалымат берди
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт бажы тармагындагы кырдаал боюнча маалымат берди

Өкмөт Кыргызстандын бажы тутумунда түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын жетекчилерине кыска убакыттын ичинде териштирүү жүргүзүүнү тапшырган. 

Өкмөт ошондой эле Түркияда чет элдик ишкердин өлтүрүлүшүн иликтөө максатында түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын ишине көмөктөшүүгө даяр. Премьер-министрдин айтымында, учурда коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз. Ал бажы ишинде кескин өзгөртүүлөргө кадрдык чечимдер аркылуу гана жетишүү мүмкүн эмес деп эсептейт. 

Ошондуктан бажы кызматында адамдык факторду азайткан, бажы процедураларынын дээрлик бардык баскычтарынын ачык-айкындыгын камсыз кылган электрондук системаларды колдонуу менен көзөмөлдөөнүн жаңы технологиялары жигердүү киргизилип жатат.