27-28-ноябрь күндөрү Бишкекте өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына байланыштуу транспорттук каражаттардын кыймылы убактылуу чектелет. Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен, Ички иштер министрлиги жарандардан түшүнүү менен кабыл алууну суранат. Айдоочулук эрежелерди, маданиятты сактоону өтүнөт. Делегациянын өтүү убактарында төмөнкү унаа жолдорунда чектөөлөр коюлат:
- "Манас" аэропортунан тартып Фучик көчөсү, Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Фучик көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Жибек-Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Ж.Абдрахманов көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
- Манас проспектиси менен Ч.Айтматов проспектиси Мамлекеттик резиденцияга чейин;