Журналисттик иликтөөдө Айеркен Саймаити боюнча айтылган материалдарды иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын жумушу Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө турат.
Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Күч органдарынан турган мекемелер аралык жумушчу топ журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтар менен катар Айеркен Саймаитинин өзү тууралуу да тыкыр иликтөө жүргүзүүдө.