Жаңылыктар
Кыргыз - казак кызматташтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - казак кызматташтыгы

Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке жасала турган мамлекеттик сапары менен кызматташтык дагы бекемделет деп күтүлүүдө. Эки өлкө соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга кызыкдар. 

Ошондой эле тамырлаш мамлекеттер маданий алакага да өзгөчө көңүл бурат.

Статистикалык маалыматта айтылган сандарга таянсак, Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү ар жыл сайын жогорулап келет. Буга эки өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине биргелешкен мүчөлүгүнүн да таасири бар.