Жаңылыктар
Инвестициянын агымы көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Инвестициянын агымы көбөйдү

Өлкөгө келген түз инвестиция быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитет билдирди. Маалым болгондой, негизинен тоо-кен казуу, өндүрүш, транспорт, турак жай жана маалыматтык байланыш тармагына инвестициялар тартылган. 

Серепчилердин айтымында, Кыргызстан мындан да көп инвестицияны тарта алат, бул үчүн ички жана тышкы инвесторлорго карата жалпы коомдун түшүнүгүн өзгөртүү зарыл.