Жаңылыктар
Бишкекте Матраимовду камакка алуу талабы менен митинг өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Матраимовду камакка алуу талабы менен митинг өттү

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камакка алуу талабы менен митинг өттү. Акциянын катышуучулары 700 миллион долларды өлкөдөн сыртка чыгарып кетүүгө байланышкан журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтар териштирилиши керектигин белгилешти. “Азаттык” медиа мекемеси жарыялаган иликтөөдө бажы кызматында 2012-2016-жылдары болгон жемкорлук тууралуу айтылган.