Төө буурчак пастасы буга чейин кыргызстандыктарга тааныш эмес болчу. Таттуу да, пайдалуу да азык азырынча Таластын гана базарларында сатыла баштады. Ишканада онго жетпеген адам эмгектенүүдө. Бирок, келечекте ишти кеңейтип, жумушчулардын санын 70ге жеткирүү максат кылынып жатат. Жеңилдетилген насыя бардык дубандардагы ишкерлерге берилип жатат. Маселен Баткенде “Айыл банк” аркылуу 31 миллион сомдон ашык каражат берилди.
Мал чарбачылыгы менен дыйканчылык үчүн насыя алгандар да жеңилдиктерди сезди. Түз каржылоону Россия-Кыргыз өнүктүрүү банкы ишке ашырат. Ишкер Мунарбек Калилов аталган каржы мекемесинен алынган насыяга эмерек жана курулуш материалдарын даярдоочу цех ачкан. Жыл башынан бери Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 79 миллион долларлык алты жүздөй долбоорду жактырган. Каржылоонун көлөмү аймактарда кеңейди. Эгер бизнес план так иштелип, өндүрүштү жандандырууга аракет көрүлүп, бирок насыя алууда мүлктүн баасы күрөөгө коюга ылайык келбесе, “Кепилдик фонду” жардам берет.
Аталган мекеме дээрлик беш жүздөй долбоорду колдогон. Кепилдик алуу жагынан Ысык-Көл облусу алдыда. Аймакта ишкерлер сүт өндүрүшүнө көбүрөөк көңүл бурулган. Каржы мекемелеринин элеттеги долбоорлорго көңүл буруп жатканы бекеринен эмес. Дубандарда ишканалар ачылып, жумушчу орундар түзүлсө, ички да, тышкы да миграция жөнгө салынат. Өкмөт айрыкча товарын өлкөдөн сырткары базарларда сата турган ишканаларга жеңилдик берүү саясатын улантууда. Аймактарда айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жолго коюлуп келатат. Мындан улам логистикалык борборлорду куруунун мааниси артып баратат. Экспортчулар товарын сырткы базарларга тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн сапатка көңүл бурушу керек. Соңку жылдары өлкөдө аларды текшере турган эл аралык стандартка ылайык ветеринардык лабораториялар курулган.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө өз продукциясын сатууга Кыргызстандын 87 ишканасы уруксат алган. Ишкерликке ыңгайлуу шарт түзүү үчүн өкмөттө бир катар чечимдер кабыл алынган. Өнөр жайына, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө жеңилдиктер каралган. Бул аймактардын өнүгүшүнө, жалпы эле өлкө экономикасына оң таасир берет деп ишеним артылып жатат. Экономист адистер, талдоочулар аймактардагы бизнес чөйрөсүндө өзгөрүүлөр бар экенин белгилеп жатышат. Бул калкты иш менен камсыз кылууда, жергиликтүү элдин кирешесин арттырып, жакырчылыкты жоюуда өзгөчө мааниге ээ. Бирок алдыга коюлган максатка саналуу жылда жетишүүгө мүмкүн эмес деген пикирлер бар. Аймактарга колдоо уланып, ал тынымсыз жүрүп турушу керек.