Натыйжада 2019-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу таза суу тармагына 350,0 млн сом каралып, титулдук тизмеге 117 айылды таза суу менен камсыздай турган 73 объекттин курулушу пландаштырылды. Анын ичинен 6 объекттин курулуш иштери 2018-жылы бүткөн, ал эми калган 67 объекттин жумуштары жакынкы жылдарга пландаштырылууда.
“Таза суу” долбооруна жардам берип жаткан Ислам өнүктүрүү банкы менен 20 миллион доллардык келишимге кол коюлуп, ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюусуна 2019 жылдын 4-ноябрында келип түштү. Ал эми Сауд өнүктүрүү фонду менен 30 миллион доллар келишимге быйылкы жылдын 10-сентябрында кол коюлуп, Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстар агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди.