Бишкек мэриясынын бюджеттик имараттар секторуна басым жасап, 2020-2024-жылдарга карата “Муниципалдык имараттардын электр энергетикасынын натыйжалуулугу жана сакталуусу боюнча иш-аракеттер” планы иштелип чыкты. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен түзүлгөн келишимге ылайык, долбоор боюнча туруктуу айлана-чөйрө жана энергетика жаатында иштеген Юнисон Групп консультант болгон.
Бул уюм тарабынан 263 муниципалдык имаратты жаңылоо үчүн керектелүүчү инвестициялардын эсеби жүргүзүлүп жана аларды ишке ашыруунун этаптуу планы сунушталган. Күтүлүүчү жыйынтыктар болуп энергия ресурстарына акы төлөөгө шаардык бюджеттин чыгымдарын төмөндөтүү саналат. Муниципалдык имараттар жана аларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу - шаардын бюджетинин олуттуу маселелеринин бири, бирок бөлүнгөн каражаттардын көлөмүнө карабастан, алардын техникалык абалы канаттандыраарлык эмес. Бул имараттар жылытылбайт, жарык жетиштүү берилген эмес жана желдетилбейт.