Евразия Экономикалык комиссиясынынын кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн жарандар аркылуу жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына бажы алымдарынын коюмунун мөөнөтүн узартуу демилгесин колдогон жок. Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны 19-ноября Москвада өтүп, ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты.
"Тилеке каршы биздин демилге өтпөй калды. Эми 2020-жылдын 1-январынан тарта 3-өлкөлөрдөн келген унаалардын бажы төлөмү көбөйөт",- деди Өкмөттүн ЕАЭБдеги иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков.