Жаңылыктар
Өлкө боюнча 101 айылга таза суу жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө боюнча 101 айылга таза суу жеткирилди

Кыргызстанда айыл жергесиндеги калктын 65% таза суу менен камсыз болду. Өлкөдө калкты таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат. Учурда артыкчылыктуу айылдардын тизмеси түзүлдү.

176 айылы бар Ысык-Көл аймагынын 86 айылы таза суу менен камсыз болсо, 24нө али жете элек. Таза суу долбоору аркылуу аймактын 4 айылы ушул жылдын аягына чейин таза суу менен камсыз болот .

Акыркы үч жылда өлкө боюнча 101 айылга таза суу жеткирилди. Ичүүчү таза сууга муктаж дагы 653 айыл бар. Ал эми 207 айылда таза суу менен камсыз кылуу системаларын куруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле донорлорду чакыруу иштери да жүрүүдө.

Адамдын ден-соолугу жана өлкөнүн экономикасы үчүн таза суунун мааниси зор экендигин айткан мамлекет башчы айылдарды өнүктүрүүго,айрыкча калкты таза суу менен камсыз кылууга ар убак басым жасап келет. Атайын бул багытты өнүктүрүү боюнча программа да кабыл алынган.

Адистердин айтымдарында, сууну тейлөө боюнча жоопкерчилик жаңы ачыла турган муниципалдык ишканаларга жүктөлөт. Эгер таза суу болбосо, өлкөдө экономика да , туризм да өнүкпөйт. Андыктан буга терең маани берүү керек дешет.