Эл аралык донор уюмдар жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөш мамлекеттер Кыргызстанда артыкчылыктуу багыт катары тандалып алынган тармактарды өнүктүрүүгө өз салымын кошууга даяр. Бул тууралуу алар Бишкекте өткөн “Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү” эл аралык конференциясында айтышты. Жолугушуунун максаты - өнүгүүнү камсыздап аткан реформаларды тездетип, өлкөгө келген инвестицияларды туура бөлүштүрүү жана натыйжалуу пайдалануу болду.
Эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков он бөлүктөн турган өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын атады. Алар аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, экспортту колдоо, энергетика жана жол, таза суу, ирригация сыяктуу улуттук долбоорлор, ага катар социалдык коргоо, сот укук реформасы жана коопсуздук маселесин өзгөчө көңүл бурулду.
Ошол эле маалда Кыргызстанда бир катар тармактардагы ири долбоорлор эл аралык донорлордун колдоосу менен ишке ашырылууда. Айрыкча таза суу жана ирригация долбоорлорунда, ага катар билим берүү жана саламаттыкты сактоо багытына чет элдик өнөктөштөр көп көңүл бурушат. Бириккен Улуттар уюму Кыргызстандын өлкөнү өнүктүрүү максаттарын мындан ары да колдоого даяр. Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман билдирди, айтымында, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан негизги фактор каражат маселеси болууда.
Ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгабазаар да баса белгиледи. Колдоого ала турган артыкчылыктуу багыттардын бири өлкөнү санариптештирүү. Бул багытка Европа биримдиги кошумча каражат бөлөрүн Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайы өкүлү Петер Буриан билдирди.
Мындан сырткары эл аралык донор уюмдардын жана мамлекеттердин өкүлдөрү өлкөдөгү бир катар инфраструктуралык долбоорлорду колдоого даярдыгын белгилешти. Ал эми адистер ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугуна жана каражаттын сарамжал пайданылышына көңүл бурушту.
Ушул кезге чейин эл аралык донор уюмдар Кыргызстанга жалпы жонунан 10 жарым млрд доллар бөлгөн. Бул каражатка өлкөдөгү жүздөгөн долбоорлор каржыланып, айрымдары ийгиликтүү ишке ашырылса, кээ бир долбоорлор өтөөсүнө чыкпай ара жолдо калган. Ал эми бул өңдүү жогорку деңгээлдеги жолугушуулар эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты арттырып, сапаттуу деңгээлге чыгарат деп ишеним артылды.