Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 1 миң 515 ишкердик субъект менен жалпы суммасы 551,4 млн. сомго салык келишимин түзгөн. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 141 субъектке көп. Алардын ичинен 990 салык келишими коомдук тамактануу чөйрөсүндө ишкердик менен алектенген субъекттер, 40 салыктык келишим - курорттук - ден соолукту чыңдоочу мекемелер менен, 46сы – турак жай куруучулар менен жана 439 контракт иштин башка түрлөрү менен эмгектенген субъектилер менен түзүлгөн. Эскерте кетсек, келишимдин негизиндеги салыктар төлөөчүнүн өз ыктыяры менен тандап алууга укуктуу болгон атайын салык тартибинин түрлөрүнүн бири болуп саналат.
Келишим салык төлөөчү менен салык органынын ортосунда түзүлөт жана төмөнкү салыктардын белгиленген суммаларынын өлчөмүндө салык төлөөчүнүн макулдашылган салыктык милдеттенмесин аныктайт. Салыктык милдеттенмелерди аткаруу мезгили бир жыл. Салык келишимин түзгөн чарбалык субъекттер утурлама текшерүүлөрдү кошпогондо көчмө текшерүүлөргө дуушар болушпайт.