Биринчи май райондук сотунда мурдагы судья Эльвира Жаркееванын ишин кароо уланууда. Бул ирет 4 күбө суралып, ишти кароого бөлүнгөн убакыт соңуна чыккандыктан, отурум 22-ноябрга жылдырылды.
Жаркеева “Кызмат абалын кыянат пайдаланууга”, “мыйзамсыз өкүм чыгарууга” айыпталган. Ал кылмыштуу топтун кызыкчылыгын коргоп, кытай инвесторлоруна таандык мүлктү рейдерлик жол менен тартып алууга көмөктөшкөнү кабарланган.