Жаңылыктар
Айдоочулардын айып пул тууралуу арыз-муңу Жогорку Кеңешке жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочулардын айып пул тууралуу арыз-муңу Жогорку Кеңешке жетти

Жогорку Кеңеште бир катар жол эрежесин бузууда айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгеси экинчи окууда каралып жатат. Бул тууралуу “Биринчи радиого” жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан билдиришти. Мыйзам долбоорунда 8 жол эрежеси боюнча айып пулду 3000 сомдон 1000 сомго чейин азайтуу сунушталган. 

Буга чейин “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден тартып, өкмөткө жолдогу олуттуу эмес эреже бузууларга айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча коомчулуктан көптөгөн сунуштар келип түшкөн. Ошол эле учурда аппараттык-программалык комплекстин орнотулушу менен жолдогу абал тартипке салынды.  

Кененирээк аудиодон укса болот.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"