Жаңылыктар
Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" форуму өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" форуму өтүп жатат

Бүгүн Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференция өтүп жатат. Анын ишине Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Форумдун максаты - өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнүн милдеттери, реформалар, жетишкендиктер жана артыкчылыктары боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу болуп саналат. Белгилей кетсек, форумду өткөрүү 2018-жылдын 1-ноябрында Сооронбай Жээнбековдун донорлор менен жолугушуусунда макулдашылган.

Конференцияга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоого катыша турган 25 эл аралык уюмдан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр чакырылган.