Аймактарды өнүктүрүү биздин орто мөөнөттөгү башкы максатыбыз бойдон калат. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан эл аралык донорлор конференциясында билдирди.
Мамлекет башчы белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү иштери 2023-жылга чейинки программада камтылган. Аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоо максатында каржылык институттар менен фонддордун иши күчөтүлөт. Биз бюджеттер аралык мамилени реформалап, биринчи кезекте дотацияда отурган райондорду азайтып, жергиликтүү бюджеттин деңгээлин көтөрөбүз. Жыйырма шаарды даректүү колдоо менен шаардык индустриалдык парктар менен өндүрүш кластерлери түзүлөт. Биз туруктуу келечектүү долбоорлордун жайылтылышына түрткү беребиз. Ар бир аймакты жергиликтүү жана тышкы базарда атаандаштыкка туруштук берүүсүн күчөтөбүз - деди Президент Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчы ошондой эле аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылап жаткан өнүгүү фонддорунун ордун белгилеп, инфраструктураны жакшыртуу багытындагы мамлекеттик саясатын айтып берди.