Чүй облусунда колхоз бойдон калган «Ветка» кооперативинин төрагасын тандоодо ортодо келишпестиктер жаралды. Чарбадагы айрым үлүшчүлөр кооперативди 5 жыл башкарган Сеит Мустаковдун кайра жетекчи болушуна каршы чыгып, тынчтык митингин өткөрүштү. Алар Мустаков башкарма болуп турган жылдары, мал-жандык, мүлктөрү таланып-тонолуп, кооператив талкаланып, кейиштүү абалда калды деп нааразы. Өз кезегинде Сеит Мустаков мыйзам чегинде иш алып барып жатканын билдирди.
Бул чарба союз убагында дүркүрөп өсүп, миңдеген асыл тукум мал кармап, ири көлөмдө эт, сүт өндүрүлчү. Азыр анын бири жок, айдоо аянты кыскарып, 300дөн ашык бодо малы калган. Чарбанын келечегине көзү жетпей бөлүнүп кеткен үлүшчүлөр да бар. Ал эми кооперативдин тагдырына күйүп-бышкандары соңку жылдары чарбаны башкарган адамдын аткарган ишине нааразы.
Каршы чыккан тарап Мустаков кооператив уставын өзүнө ыңгайлуу кылып оңдоп алып, башкармалыкка мүчө болуп шайланган өз кишилери менен мыйзамсыз иштерди жасаарын айтышты.
Үлүшчүлөрдүн айтымында, өзгөргөн устав кооперативдин мүлкү менен малын сатууга жана ири көлөмдө насыя алууга жол ачат. Нааразы тарап болуп жаткан туура эмес иштерди айтып какпаган эшиги калган эмес.
Сеит Мустаков төрагалык мөөнөтү 4-октябрда аяктагына карабай дагы эле иш ордунда. Ал келишим түзүү боюнча устав жалпы жыйында өзгөргөнүн айтып, ага карата айтылган дооматтар сот тарабынан четке кагылганын билдирди. Мустаков чарбанын аксап жатканынын себептери жана жүргүзүлгөн иштер тууралуу түшүндүрмө берди.
Ушул айдын 30-ноябрында кооперативди жетекчисин тандоо күтүлүүдө. Нааразы болгон үлүшчүлөр Мустаков салмагын салып, кайра экинчи мөөнөткө шайланат деп чочулап турушат. Шайлоонун таза өтүшүнө биз дагы көз салабыз.