Жаңылыктар
Билим берүүдөгү өзөктүү кадам
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүүдөгү өзөктүү кадам

Нарында болсо мугалимдердин айлыгынын көбөйүшү менен агартуучулардын алды 50 миң сом, арты 15 миң сомго чейин маяна алды. Эмгек акы агартуучулардын иштеген жылдарына жана сабактарынын саатына жараша эсептелген. 

31 жыл өмүрүн билим берүүгө арнаган Турдугүл Шералиева музыка сабагын окутат. Ал жаңы эмгек жолун баштаганда алган маянасы жашоого өп-чап жеткенин айтат. Эми минтип, отуз жылдык эмгеги бааланып, ишине жараша акча кошулган.

Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектепте 108 мугалим иштейт. Дубан боюнча билим сапаты жагынан алдыдагы мектептердин бири. Учурда кырк жыл эмгек тажрыйбасы бар педагогдор 30 миң сом маяна алса, бир жаңы жумушка киргендери 14 миң сомго чейин эмгек акы ала башташты.