Жол эрежелерин бузуудагы айып пулдун көлөмүн азайтуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экинчи кароосунан өтүп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, жыл башында жол эрежелерин бузуу боюнча жаңы кодекс ишке кирип, айдоочулар айып пулдун өтө жогору экенин билдирип келишкен. Өкмөт жарандардын кайрылуусун эске алып, жаңы мыйзам долбоорун сунуштады.