Жаңылыктар
Бишкекте "Балдарга жол бергиле!" аттуу акция өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте "Балдарга жол бергиле!" аттуу акция өттү

Бишкекте "Балдарга жол бергиле!" деген чакырык менен акция болуп өттү. Анда окуучулар айдоочуларга жол эрежелери жазылган эскертмелерди таратты. Адистердин айтымында, Борбор Азия чөлкөмүндө жол кырсыктардан жабыркагандардын көрсөткүчү жогору бойдон калууда.

Бишкектин №12 гимназиясында бүгүн маанилүү сабак. Башталгыч класстын окуучулары жол эрежелери жазылган эскертмелерди айдоочуларга таратышат.

Элида 3-класста окуйт. Ал жөө жүргүнчү жолдон эреже бузбай кантип өтүшү керек экенин жакшы билет.

Бириккен Улуттар Уюму ноябрды - жол кырсыктарынан жабыркаган адамдарды эскерүү айы деп жарыялаган. Бул айда дүйнө мамлекеттери боюнча жол эрежесин сактоого багытталган иш чаралар өтөт. Эл аралык адистердин айтымында, Борбор Азия чөлкөмүндө жол кырсыктарынан жабыркагандардын көрсөткүчү жогору бойдон. 

2018-жылы Кыргызстанда 700 адам жол кырсыгынан каза болгон. Алардын ичинен сексен бири балдар. Мунун башкы себеби айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактабагандыгында дешет тиешелүү мекеме кызматкерлери. 

Кыргызстанда мындай иш чара жылына эки ирет өтөт. Мындан тышкары мектептерде жол эрежелери боюнча ачык сабактар уюштурулат.