Жаңылыктар
Бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 61 жашка чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 61 жашка чыкты

Бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 61 жашка чыкты. Президенттин туулган күнүнө карата бир катар жакынкы жана алыскы мамлекеттердин башчылары куттуктоолорун жолдошту. Биринчлерден болуп Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктады. Орусия президентти куттуктоосунда Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, регионалдык жана эл аралык иштерге активдүү катышып жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле өлкө башчысын туулган күнүнө карата Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армения Президенти Армен Саркисян, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун парламенттер аралык ассамблеясынын Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков жана Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин, Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Владимир Норов дагы куттуктоо жолдоду.