Талас облусунун Ынтымак айылынын тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду. Үстүбүздөгү жылы өнүктүрүү фондунан 1 млн. сомдон ашык каражат бөлүнүп, ага суу куурлары жаткырылган. Дагы кошумча каражат табылса, ичүүчү таза суу маселеси толук чечилет.