Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңеште 30 пайыз орун аялдарга берилет
Шайлоо 2023
Жергиликтүү кеңеште 30 пайыз орун аялдарга берилет

Бишкекте "Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмеси эркектер менен аялдардын тең укуктуулугун камсыздоо темасына арналган жолугушуу өткөрдү. Ага Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер депутаттар катышты. 

Маалым болгондой, шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык, ар бир айылдык кеңеште 30 пайыз орун аялдарга бөлүнүшү керек. Белгилей кетсек, 2016-жылы өлкө боюнча депутаттардын болгону 10 пайызын аялдар түзгөн. Ал эми бүгүнкү күндө ар бир бешинчи айыл кеңешинде бир дагы айым жок. 

Эске салсак, Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомун Жогорку Кеңеш кабыл алган. Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары "мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун" деген жобо айтылган.