13-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдордун кылмыш ишине байланыштуу кезектеги соттук отурум улантылды.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы "Калыс-Ордо" конушундагы мектепти курууга кеткен 2 млн долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп айыпталууда. Ал эми Албек Ибраимов, муниципалдык жерлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн жана калаа башчысы болуп турган учурунда коррупциялык иштерге аралашкан, андан сырткары "Күнөстүү жээк" пансионатын сатуу учурунда мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген негизде айыпталууда. Бүгүнкү соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочулар тарабынан бир нече өтүнүчтөр келтирилди.