Парламент Майя Санду баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Өкмөттүн кызматтан кетиши менен аяктаган жагдайга прокуратура тууралуу мыйзамды өзгөртүү аракеттери негиз болгон.
Анда Майя Санду өлкөнүн башкы прокурорунун кызматына талапкерлерди мындан ары премьер-министр тандайт деген жобо камтылган мыйзам долбоорун сунуш кылган. Буга парламенттеги социалисттер каршы болуп, өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүп чыгышкан. Молдованын эгемен тарыхында парламент ушуну менен төртүнчү жолу өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды.