Мына ушул тез тамактануучу жайды ижарага алып иштетип жаткан жаран үй камагына чыгарылды. Азыркы тапта териштирүү иштери жүрүп жатат. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгы кырсык өрт коопсуздугунун бузулушунан улам келип чыккан, - деп билдирди. Мындай окуялардын кайталанбашы үчүн тиешелүү органдар кандай иштерди жасап жатат. Кырсык эмнеден улам келип чыкты? Буга жооп издеген органдар тез татым жайында газ баллон жарылганын айтууда. Ал эми адистер суюлтулган газ куюлган баллондорду кафе-ресторандарда колдонуу өрт коопсуздугун одоно бузуу экенин айтат.
Өрт коопсуздугун сактоонун тартиптерин санап берип жаткан экотехинспекция анда эмнеге ушул убакка чейин бул тамактануучу жайды текшерип, жаап салган эмес? Көрсө, ишкерлерди анын ичинде коомдук тамактануучу жайларды текшерүүнү 2 жылга чектеген мораторий тоскоол болуптур. Тиешелүү орган өрт коопсуздугу боюнча нускаманы кафе ээлерине тапшыруу менен гана чектелет экен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы комдук жайларда, ири соода түйүндөрүндө өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жургүзүп турат. Бирок, аны угуп коюу башка, иш жүзүндө колдонуу башка иш.
Босогодо кыш турат. Андыктан, адистер электр жылыткычтарын колдонууда сак болуп, от жагардан мурда үйдөгү мештердин морун тазалап алууну, о.э., балдарды кароосуз калтырбоо кеңешин берет. От менен ойнобойлу.