Жаңылыктар
Ош: Арек айылында балдар бакчасынын курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: Арек айылында балдар бакчасынын курулушу башталды

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Арек айылында жаңы балдар бакчасынын курулушу башталды. 120 орундуу мектепке чейинки мекеме жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Бул үчүн 23 млн сом бөлүнгөн. 

Азыркы тапта Ош шаарында 3 бала бакчанын курулууда. Мектеп жашына чейинки курактагы балдардын бакча менен камсыздалуусу аталган калаада 45 пайызды түзөт. Шаарда 41 муниципалдык, 25 жеке бала бакча иштейт. 16 миңден ашуун тарбиялануучу бар.