Быйыл Мамлекет тарабынан маданиятка өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде маданий жайларды оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан бул аракеттер өзгөчө өнөр дүйнөсүнүн адамдарын кубандырып турат. Эми алар ыңгайлуу шарты бар мекемелерде эмгектенишип, талантын элге тартуулайт. Маданият улуттун жүзү жана руханий кенчи. Мындан улам биз маданиятыбыз менен дүйнөгө таанылабыз.
Маданий мекемелерди оңдоп түзөөдөн өткөрүү Президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө. Мындан улам Өлкө башчысы жума күнү толук ремонттон өткөрүлгөн Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында болуп, 77-театралдык сезонудун ачылышына карата искусство чеберлеринин концерттик программасын күбө болду. Эске сала кетсек ушул жылдын май айында президент борборубуздагы бир катар маданий жайлардын имараттары менен таанышып, алардын капиталдык ремонтко муктаж экендиктерин көрүп чыккан.