Жаңылыктар
Бишкекте Чокморовдун элесине арналган форум өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Чокморовдун элесине арналган форум өттү

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн "Үмүт" аттуу жетинчи кинофорумунун ачылышы болду. Бул жылы форум СССРдин эл артисти, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналды. 



6-ноябрдан 10-ноябрга чейин Бишкек КМШ өлкөлөрүнүн кино борборуна айланат. Анткени бул күндөрү шаарда жетинчи эл аралык "Үмүт"форуму өтөт. Форумдун алкагында экскурсиялар, чыгармачыл жолугушуулар, режиссёрлор жана кинематографисттер үчүн үйрөтүүчү сабактар өтөт. 


Форум улуттук жана эл аралык болуп эки бөлүктөн турат. Биринчисине жаш кинематографисттер, жогорку окуу жайдын профилдик факультеттердин студенттери катышат. Ал эми эл аралык сынакта Армения, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Азербайжан жана Литвадан келген жаш режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлөт.


Бул улуттук сынакка эл аралык калыстар тобу жана форумга катышкан өлкөлөрдөн чакырылган кинематографисттер өз баасын беришет.
Жетинчи "Үмүт" форуму СССРдин эл артисти, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган. Анын ачылышында талант тууралуу документалдуу фильм көрсөтүлдү.