Тажикстан менен чек араны бекемдөө максатында 1996-жылы уюшулган Максат айылында кошумча 1800 гектар жаңы жерди өздөштүрүү үчүн казынадан каражат бөлүнөт.
Андан тышкары Дүйнөлүк банктан да жардам алынары күтүлүүдө. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 1 млрд 900 млн сомдук долбоор 2020-жылы башталат.
Ал төрт этаптан турат, 2026-жылга чейин бүткөрүү пландалган. 1996-жылы Тажикстан менен чек араны бекемдөө үчүн боз талаага алтымыштай үй курулуп, башка аймактан эл көчүп келген.