Жаңылыктар
Мекенине кайткан этникалык кыргыздардын саны көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мекенине кайткан этникалык кыргыздардын саны көбөйүүдө

Түпкү теги жердеген мекенине кайткан этникалык кыргыздардын саны көбөйүүдө. Айрыкча Тажикстандан, Өзбекстандан келгендер көп. Алардын дээрлик бардыгы Кыргызстандын жараны болгулары келет жана “Кайрылман” макамын алышууда. Быйыл 315 адам жарандыкка ээ болду. 



Жетимиш жети жаштагы Рахмат Турдиев Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылынын ардактуу карыясы. Мындан 17 жыл мурда тарыхый мекенине Тажикстандын Жерге-Тал районунан көчүп келген. Меймандос элинин, ынтымактуу кошуналарынын жардамы менен тез эле көнүшүп кеткендигин айтат.

Дөөлөттүү карылыкты кечирип жаткан Рахмат ата жашоосуна абдан ыраазы. Беш кызын турмушка узатып, 3 уулун үй-жайлуу кылды. Балдарына жана 30га жакын небере-чөбөрөсүнө жакшылык тилеп, амандыгын гана каалайт.


Өзбекстанда төрөлгөн Рахмат Турдиев кийин Үркүн учурунда ата-бабасы качып барып жердеген Тажикстанга барган. Себеби жакын туугандарынын баары ошол жакта эле. Барган күндөн тартып 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап, көптөгөн жаштарды тарбиялап, өстүрдү. Эми калган өмүрүн ата-бабасы мекендеген жерде өткөрүүнү каалайт.