Жаңылыктар
Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда  Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө

Негизги иш-чара Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде өтүп, ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Куран окулуп, эстеликтерге гүлчамбарлар коюлду. Октябрь революциясынын күнүнүн ордун ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгилөө тууралуу мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Андыктан, 7-ноябрь - Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь - Ата-бабаларды эскерүү күнү катары жарыяланган. 




Кыргыз эли үчүн 7-ноябрь илгертеден эле өзгөчө мааниге ээ болуп келген. 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштөн бир жыл өткөндөн кийин, 1917-жылы дал ушул күнкү окуя - Октябрь социалисттик революциясы Кыргыз мамлекетин кайра жаратууга шарт түзгөн.


Октябрь революциясынан 5 жылдан кийин кыргыздар Кара кыргыз автономиялуу облусу болгон. Ал эми өткөн кылымдын 37-38-жылдары дал ушул ноябрь айларында Кыргызстандын кышын кынаганга зор салым кошуп, өз өмүрлөрүн курмандыкка чалган кыргыздын чыгаан уулдары репрессияга кабылган. 


Анын ичинде Жусуп Абдрахманов, Мурат Салихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков жана башка 138 чыгаан инсан болгон. Мына ушул окуяга объективдүү баа берүү жана ата-бабалардын элесине таазим этүү максатында 7-8-ноябрь - тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары 2017-жылы расмий жарыяланган.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү майрам катары 2017-жылдын 26-октябрында атайын жарлык менен бекитилген. Быйыл үчүнчү жолу белгиленүүдө.