Жаңылыктар
Бишкектин алгачкы жаңы конушу Бакай-Атанын түптөлгөнүнө 30 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин алгачкы жаңы конушу Бакай-Атанын түптөлгөнүнө 30 жыл болду

Аламүдүн районуна таандык тилкеге турак жай 80-жылдардын аягында салына баштап, Бишкек шаарынын карамагына өткөн. Ошентип, Бишкектин тарыхында биринчи жаңы конуш пайда болгон. Мааракеге карата Бакай-Ата конушунун тургундары майрамдык салтанат уюштурган. 


80-жылдар. Кыргыз ССРнин борбору - Фрунзе шаары. Үй куруучулар кыймылынын маалыматына караганда ал кезде турак жайы бар кыргыз улутундагы калктын саны 12 пайызды гана түзгөн. Көпчүлүгү аймактарда жашап, шаарда жүргөндөрү батирди ижарага алууга мажбур болушкан.


1989-жылы үй куруучулар кыймылынын аракети менен Аламүдүн районунун аймагынан 87 гектар жер турак жай салууга берилген. Алгачкы үйдүн пайдубалын тургузууда Үй куруучулар кыймылы менен Кыргыз ССРнин министрлер кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов жолугуп, жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков батасын берген.

30 жыл ичинде Бакай-Ата жаңы конушунда элдин саны өстү: 4 миң кожолук, 7 миңге жакын адам жашайт. Калктуу жайга айландырууда ар бир тургундун салымы зор. Инфраструктурасы жок жайдак жер бүгүнкү күндө таза суу кирген, жарыктандыруу орнотулган, жолдор асфальтталган конушка айланды. Жергиликтүү бийлик башчысынын айтымында чече турган көйгөйлөр дагы деле жок эмес.


Жергиликтүү элдин эң чоң көйгөйү - бул Жылуулук берүү борборунан чыккан күлдүн таасири. Көмүр күлүн сактоочу жай Бакай-Атага жакын жайгашып, калктын ден соолугуна терс таасирин берерин айтат мындагылар.