Жолдо оор эреже бузгандарга карата айып пулдун көлөмү төмөндөтүлбөйт. Бул унааны мас абалында айдаган жана жол чырактын кызыл жарыгына көңүл бурбагандарга тиешелүү. Эске салсак, айып пулдун өлчөмүн азайтуу боюнча атайын жумушчу топ иш алып барып, бир катар эреже бузууларга карата административдик жазаны жеңилдетүүнү сунуштап жатат.
Жыл башынан бери эреже бузган айдоочуларга жогорулатылган айып пул салына баштаган. Коомчулуктагы кызуу талкуулардан кийин өкмөт бул багытта иш алып барып, айрым өзгөртүүлөр киргизилген эле. Бирок жеңилдетүүлөрдүн олуттуу эреже бузууларга тиешеси жок.
Жеңил эреже бузууларга токто сызыгын кесип өтүү, унааны аялдамада токтотуу өңдүү көрүнүштөр кирет. Мындай учурда мурдагыдай 3000 сом эмес, миң сом төлөө жетиштүү болот. Оор эреже бузууларга карата айып пулдун ылдыйлатылбаганы, анын олуттуу кесепети бар экенине байланыштуу.
Айып пулдун жогорулатылган өлчөмүн аныктаган жаңы кодекстер күчүнө киргенден үч ай өтпөй “Коопсуз шаар” долбоору да иштей баштаган. Анын жардамы менен эреже бузуулар көп катталып, ошол эле учурда жол кырсыктары азайган.