Жаңылыктар
Т.Усубалиев - доордун кайталангыс инсаны
Кыргызстан жаңылыктары
Т.Усубалиев - доордун кайталангыс инсаны

 Турдакун Усубалиев - Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында, анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушканда айтты.

Мааракенин алкагында бир катар маданий жана илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, биографиялык басылмаларды даярдоо боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон зор салымын белгиледи. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенин баса белгиледи. Эрмек Усубалиев 100 жылдык мааракени кеңири өткөрүү боюнча демилгеси жана колдоосу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди. Ал бардык пландалган иш-чаралар өз убагында өткөнүн жана ага катышкан мамлекеттик органдардын ишин канааттануу менен белгиледи. Президент жана Эрмек Усубалиев 6-ноябрда, Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган 100 жылдык мааракенин алкагында салтанаттуу иш-чараларга карата даярдыктардын жыйынтыгын чыгарышты.