Казакстан 2-ноябрдан баштап бензин жана дизелдик майды автотранспорт менен ташууга 6 айга чектөө киргизди. Чектөө мунай азыктарынын бардык түрлөрүнө кирди. Ошондой эле, алардын катарында майлоочу майлар да бар.
Маалыматка караганда, күйүүчү майды бензобактарга куюга мурдагыдай эле болот, бирок атайын жабдыктарга 20 литрден ашык көлөмдө куюуга тыюу салынат. Өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев белгилегендей, Казакстандын бензини Россия, Өзбекстанга салыштырмалуу арзан болгондуктан, көбүрөөк чыгарууга аракет кылышат.