Жаңылыктар
Кара-Көлдө «Бирдиктүү терезе» долбоору ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Көлдө «Бирдиктүү терезе» долбоору ишке кирди

“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында жарандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу Кара-Көл шаарында да ийгиликтүү ишке ашууда. Калаанын мэриясында “Бирдиктүү терезе” кызматы ишке кирди. Эми жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды бир эле жерден ала башташат.

“Бирдиктүү терезедеги” эки адис кайрылган жарадарга кызмат көрсөтөт. Анара Какаева жер тилке алууга кезекке туруу үчүн арызы менен келди. Ал арыз менен кошо бир канча мекемеден тийиштүү тактама кагазын топтоп келиш керек болчу. Бирдиктүү терезенин ишке кириши менен андай убаракерчилик жоюлган. Бардык билдирмени адистер мекемелерден электрондук түрдө алышат. 

Андан сырткары, калкка кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканаларга жана мектептерге видео байкоочу камерлар коюлуп, бирдиктүү база түзүлүп, “Бирдиктүү терезе” кызматы турган жердеги 2 мониторго туташтырылган. Монитордон мамлекеттик каттоо, паспорт бөлүмү, архитектура, оорукана жана башка кызматтарда адистердин элге кызмат көрсөтүү аракеттери көрүнүп турат. Ушул эле монитордогу видеону кол телефондон онлайын көрүп турууга болот. 

Кара-Көл шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу аракети көрүлүп жатат. Атайын долбоор иштелип чыгып, даяр болгон. Анда калаа аймагына 40тан ашуун камера коюлмакчы. Бирдиктүү терезени ишке салуу, мекеме-ишканаларга жана мектептерге камера орнотууга каражат шаардын казынасынан бөлүнгөн. Жасалган иштер “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында ишке ашууда.