Жаңылыктар
Нарында Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Шаардын борбордук аянтына мамлекеттик ишмердин айкели орнотулуп, анын ачылышына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Эл уулу Турдакун Усубалиевдин жасаган иштери сахналаштырылып, келгендерге көрсөтүлдү. Сайра Усубалиева агасынын айкелинин жанында көпкө турду. Эл үчүн кызматын аябаган инсан бир туугандарына да күйүмдүү болгонун эскерет. Сайра апанын айтымында, Усубалиев жакындарын мамлекеттик кызматка алган эмес. Анын бир гана максаты болгон. Ал - Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айлантып, ак кызмат кылуу эле. 

Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин эл үчүн кылган кызматы тарыхта жазылып калды. Советтик доордо Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген ишмер көзү түрүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак. Бул датаны белгилөө жана инсандын атын түбөлүккө калтыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде өтүп жаткан иш-чаралардын бири Нарын облусунда уюштурулду. 

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салым кошкон инсандын айкели Нарын шаарында жаңыланган борбордук аянтка тургузулду. Анын ачылыш аземине өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө өкмөт башчы Усубалиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн дагы да бир катар маанилүү жумуштар жасаларын айтты. 

Турдакун Усубалиев убагында 15 союздук республиканын арасында эң чабал болгон Кыргызстанды агрардык-индустриалдык өлкөгө айланткан. Кыргызстанда 24 миң адам жумуш менен камсыз болуп, 40 ишкана ишке кирген. Айыл чарбасы да өрүш алып, ак койдун саны 12 миллионго жеткен. Мунун менен катар борбор калаанын көркүн ачкан Улуттук илимдер академиясы, Улуттук китепкана, Филармониянын имараты курулуп, 511 миң жаңы батирлер салынган. Алыскы аймактар да эске алынып, социалдык имараттар курулуп, пайдаланууга берилген. 

Көрүнүктүү саясий ишмердин басып өткөн жолу театрлаштырылып, келген меймандарга тартууланды. Кыргыз эли үчүн ак кызматын өтөгөн мыкты жетекчи, адамкерчилик сапаты жогору инсандын 100 жылдык маарекеси мамлекеттик деңгээлде белгиленип, эл уулу эч унутулбастыгын дагы бир ирет тастыктады.