Үй курууга каражат республикалык бюджеттин үнөмдөлгөн бөлүгүнөн каралып, жергиликтүү капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан салынган. Ак өргө ээлеринин маанайына аймактагы кабарчыбыз күбө болгон.
Алманбет Абдурахманов Манас райондук прокуратурасына келип иштеп жатканына беш айдын жүзү болду. Буга байланыштуу, ал мында ижарага батир таап, үй-бүлөсү менен жашап жаткан. Эми минтип, райондун прокуратура кызматкерлери үчүн салынган жаңы үйгө кирип олтурат. Бул шарттар ишке болгон жоопкерчиликти арттырып, ийгилик жаратууга өбөлгө болоорун жашырбайт. Жаңы курулуп, пайдаланууга берилген турак жайга эки кызматкер көчүп келип, жайгашты.
Белгилей кетсек, буга чейин прокуратура кызматкерлери үчүн Баткен облусунда 3 кабаттуу 24 батирлүү үй жана Лейлек, Сүлүктү шаарларында дагы ушундай эле кызматтык тамдар салынып, тапшырылган. Нарын облусунда дагы 3 үй берилсе, Нарын шаарында 24 батирлүү үй курулуп жатат. Чаткал районунда бир үй курулуп, пайдаланууга берилген.